Коом

Каракол шаарындагы көмүргө болгон баалар туруктуу сакталууда image Фото: KTRK/videograp

25 Дек, 2017 1118

Каракол шаарындагы көмур сатуучу кампаларында көмүргө болгон баалар туруктуу сакталууда. Бул боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринде белгилүү болду. Көмүргө болгон бааны туруктуу кармоо боюнча мындан бир ай мурун эскертүүлөр берилген. 

Азыр жума сайын монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ар жума сайын текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми сатуучулардын айтымында, азырынча аба-ырайы жылуу болгондуктан көмүргө болгон баа күн сайын төмөндөп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз