Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды image Фото: www.

28 Дек, 2017 12520

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча негизги шектелүүчү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, 27-декабрь түнү Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип, Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жанынан номери өчүрүлгөн "Макаров" куралы жана 17 ок табылган.

Эске салсак, Улан Саяновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен. Анын өмүрүнө кол салгандар окуя болгон жерден из жашырып кеткени айтылган.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз