Эмгек мигранттардын укугун коргоо иштери колго алынат image Фото: www

28 Дек, 2017 16675

Эмгек мигранттардын укугун коргоо жана алардын абалын жакшыртуу боюнча тыкыр иш алып баруу зарыл. 

Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен жолукканда айтты. Айдаралиев билдиргендей, мекеме тарабынан тийиштүү кызматтар менен Россиядагы эмгек мигранттардын 30 күнгө чейин жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек келишимдерин кайрадан түзүү жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында мигранттарды жашаган жеринен эмес, иш орду аркылуу каттоо мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн ар бир жаран үчүн Миграциялык кызматтан кеңешме алууга жол ачкан порталды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылып жатат. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт. 

Сапар Исаковдун айтымында, www.portal.tazakoom.kg электрондук порталы аркылуу мамлекеттик тейлөөнү аралыктан камсыздоо айрым документтерди жана маалымдамаларды толтурууда ыңгайлуу болуп, ыкчамдуулукту камсыздайт. 




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз