Коом

Ит жылынан эмнени күтсө болот? image Фото: www.

30 Дек, 2017 2127

Жыл алмашкан маал тазаруунун, жаңылануунун убактысы деп айтылат. Бирок жаңы жылга басым жасай берип, өтүп бараткан жылды таарынтып албай, татыктуу узатуу керек дешет. 

Ошентип тоок жылы узап, ит жылы келе жатат. Ал эми ит жаныбарлардын арасынан адамга эң жакын экенин турмуш далилдеп келет. Иттер башка жаныбарларга караганда өтө акылдуу жана ишенимдүү дешет. Бекеринен адамдар космоско дагы бекеринен учурган эмес.

Чыгыш календары боюнча келаткан жыл сары ит жылы. Ит негизи адамга абдан жакын болуп, чынчыл жана эмгекчил болот. 

Андыктан парапсихологдор келе жаткан жаңы жыл өлкөдө курч окуялардань сырткары болуп, эмгектенүүнү талап кылаарын белгилешет. Ошондой эле тынчтыктын жылы болот деп божомолдонууда.

Иттер жалкоолукту жаман көргөндүктөн келаткан жыл эмгектенүүнү талап кылат. Андыктан турак-жайын оңдоп түздөөнү максат кылып жүргөндөрдү келээрки жылы ийгиликтер коштойт. Ал эми үй сатып алууну каалагандарды дагы жетишкендиктер күтөт. 

Негизи эле ит жалгыздыкты жаман көрөт. Андыктан жаңырган жылда көп адамдарды жагымдуу таанышуулар күтөт жана мамилелер чыңдалат. Астрологдор болсо анча-мынча майда нерселерге көңүл бурбай, чечкиндүү, сабырдуу жана көңүлдүү маанайды талап кылаарын белгилешет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз