Маданият

Жапонияда кыргыз маданияты даңкталды image Фото: KTRK/videograp

30 Дек, 2017 10661

Көрөңгөлүү кыргыз музыкасын 1500дөн ашык токиолук укту. Алар кыргыз элинин бай маданияты, каада-салты, өзгөчөлүгү менен таанышышты. 

Этно-фольклордук “Ордо Сахна” тобу кыргыздын байыркы музыкасы менен тааныштырып, комуз, кыл-кыяк, чоор, керней, сыбызгы, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз жана добулбаста чеберчилик менен ойноп, мааниси терең күүлөр жаңырды.

Токиодогу кыргыз маданиятынын жумалыгы Жапония менен Кыргызстандын дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына арналды. Жумалыкта бир нече иш-чаралар орун алды.  

Расмий иш-чарага 400дөн ашык адам катышып, Жапониянын жогорку мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ири жапон компаниялардын, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, ошондой эле Жапонияда окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз катышты. 

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүк мамиле улам тереңдеп өнүгүп жаткандыгын жана эки өлкөнүн саясий диалогунун жогорку деңгээлде бекемделип баратканын кошумчалап, экономикалык байланыштардын динамикалык өсүшүн баса белгиледи. 

Табиятынан сезимтал жана жөнөкөй келген жапон эли кыргыз дүйнөсүн бир чети таңданып, бир чети кубанып кабыл алышты. 

Кыргыз маданий жумалыгы Кыргызстандын аброюн бекемдөөгө, Жапониянын ишкер чөйрөсү Кыргызстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү менен ишенимдүү мамилелешүүгө өбөлгө түздү.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз