Саясат

С.Жээнбеков: "Биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз" image Фото: KTRK/videograp

30 Дек, 2017 12220

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту. 

«Өткөн жыл татаал болсо да, жалпысынан жакшы болду. 2017-жыл өлкөнүн бардык жашоо тармагында кыйла өсүш жана олуттуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталууда. 

2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат, биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз жана кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз