Кылмыш

Өзбекстанда 10 жаштагы кызын зордуктоого шектелген киши кармалды image

3 Янв, 2018 16521

Өзбекстандын Андижан облусунун Избаскан районунда 35 жаштагы киши өзүнүн 10 жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул маалыматты укук коргоо органдарынан тастыкташты. Булактын айтымында, 10 жаштагы кызга атасы сексуалдык аракеттерди жасап жатканын кыздын таежеси билип калган. Андан кийин ал бул тууралуу кыздын апасына билдирген.

«Алты айдын аралыгында ал күйөөсү кызына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жатканын байкаган. Ал күйөөсүнүн күнөөлүү экенине толугу менен ишенгенден кийин милицияга билдирген», - деди ал.

Избаскан районунун укук коргоо органдары райондук прокуратура аталган факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 119-берененин (жыныстык муктаждыкты табигый эмес формада зомбулук менен канааттандыруу) негизинде кылмыш иш козгогонун белгиледи. Бул беренеде 15 жылдан 20 жылга чейинки жаза каралган.

«Ал кызын 2016-жылдын декабрь айынан бери зордуктап жүргөнү аныкталды. Мындай көрүнүш акыркы жолу 2017-жылдын июлунда көгүчкөн багылуучу жерде болгон. Алгач муну кыздын таежеси көргөн. Кыздын апасы эжесинин сөздөрүнө ишенген эмес. Бирок кийин анын сөздөрү туура экенине ынанып, милицияга кайрылган. Учурда кармалган адамга карата кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 10 жаштагы кыздын абалы тууралуу маалымат жок. Анын үй-бүлөсү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз