Саясат

Вице-премьер-министр кызматына С.Муканбетовдун талапкерлиги каралат image Фото: www

8 Янв, 2018 8102

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр кызматына Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелери боюнча комитетинин 9-январдагы отурумунда каралат.

Вице-премьер-министрдин кызматы Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалгандан бери бош турат.

Ал эми, С.Муканбетов учурда Финансы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп эмгектенип жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз