Илим жана билим

Т8 деп аталган музыкалык мээлей ойлоп табышты image

15 Март, 2016 390

Дүйнө жүзүндөгү ойлоп табуучулар күн сайын жаңы жабдыктарды иштеп чыгып, колдонууга берүү аракеттин көрүшөт. Кээ бири күнүмдүк жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

Заманбап музыканттар кайсы гана музыкалык аспаптарда ойной албайт. Эми алардын чыгармачылыгынан эргүү алган жаштар жаңы Т8 деп аталган музыкалык мээлей ойлоп табышты. Ал мээлей аркылуу манжаларды столго, дубалга жана жерге тийгизүү менен эч бир аспатты колдонбостон  музыкалык чыгармаларды жаратууга болот.  Т8 мээлейи эл алдында чыгармачылыгын тартуулоодо ыңгайлуулукту көздөйт.  Аталган гаджетти америкалык Remidi компаниясы иштеп чыккан, аны элге тартулоо үчүн 50 миң доллар талап кылынат. Учурда жаштар акча каражаттын чогултууда.

Т8 мелейи баардык үн жаза алган жана үндү кайра иштеп чыга ала турган. электрондук каражаттарга туташат. Мээлей 8 сенсар бар, ал аркылуу бир гана манжалардын кыймылы гана көзөмөлдөнбөстөн манжалардын аралыгы жана ылдамдыгы эсептелтп жаңы чыгармаларды жаратууга мүмкүнчүлүк ачат.  Анын баасы 200 доллардын айланасында болуп ушул жылдын сентябрь айынан баштап колдонууга берилет.

Ал эми Microsoft корпорациясы  HOLOLENS деп аталган жаңы гаджетти тартуулайт. Ал аркылуу фудбол күйөрмандары адаттагыдай фудболду  сыналгы аркылуу  көрбөстөн, 3 өлчөмдүү графиканын жардамы менен фудбол чемпионаттын өз бөлмөңүздө ойноп жаткандай визуалдуу түрдө көрө аласыздар. Ал ойлоп табуунун жардамы менен сизди кызыктар оюнчулардын оюунун же бүт бөлмөгө визуалдык түрдө чоңойтуп алууга болот. Анын баштапкы баасы 3 миң доллар болуп, калың катмарга  качан сатыкка чыгары белгисиз.

Мирбек Сакенов БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз