Science and Education

Эң алгачкы дронду япониялыктар атайын күзөт үчүн ойлоп тапкан image

16 Март, 2016 584

Дүйнө жүзүндөгү ойлоп табуучулар күн сайын жаңы жабдыктарды иштеп чыгып, колдонууга берүү аракеттин көрүшөт. Кээ бири күнүмдүк жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

Дрон

Япониялык Секом компаниясы  атайын күзөт үчүн дрон ойлоп тапкан. Ал бир гана адамды жана авто унааны сүрөткө тартып гана тим болбостон, алардын бетин жана авто унаанын номерин тартып алуу аракеттин көрөт. Анын учуу ылдамдыгы саатына 10 чакырымды түзөт. Учурда анын баштапкы баасы 6 миң 600 долларга бааланууда. Андан сырткары ойлоп табуучулар жабдыкты 1 айга 41 долларга  ижарга бере тургандыгын билдиришүүдө. Бирок аны  ар бир адамга эле сатыла бербейт, аны күзөт ишмердүүлүгүнө гана колдонууга каралган.

Ал эми Американын  Oakland University (Окланд Университети) изилдөөчүлөрү көп функциялуу дрон ойлоп тапты. Буга чейин адаттагыдай абада гана учпастан, ошол эле учурда суу алдына кирип өз ишмердүүлүгүн уланта алат. Бул учурда анын эч бир  жабдыгын алмаштырууну талап кылбайт. Буга чейин 2014-жылы суу алдында сүзүп жүргөн дрон иштеп чыгышкан. Бирок абадан учуп келип, ошол эле учурда суу алдында сүзүп кире алган мындай жабдыкка ойлонуп табыла элек болчу. Ал эми бул  жабдык алгач суу үстүнө конуп суу алдына чөгөт, ошол учурдан тарта суу алдында сүзө баштайт.  Жабдык суу алдында өзүнүн түзүлүшүн өзгөртөт. Ойлоп табуучулар өздөрүнүн эмгегин  куткаруу жана издөө иштерине колдонуу макулдугун берүүдө. Эми бул жабдык суу алдында жана  жер үстүндө кыйналбастан иштей алат.

Google корпорациясы күндүн нуру менен учкан дрондорду өзүнүн зымсыз 5G-интернет байланышын  таратуу үчүн колдонот. Мындай кадамга Google корпорациясы интернет байланышын жакшыртууга багытап жатат. Корпорация келечекте дүйнө жүзү боюнча миңдеген  дрондорду  учуруп жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы менен камсыз кылууну мерчемдөөдө.

Ошол эле учурда кызыгуу жаратып колдонулуп жаткан дрондор коркунуч жаратууда. Алсак аэропорт айланасындагы учуп жүргөн дрондор жарандык авиацияны тынчсыздандырбай койгон жок.  Анткени учуп, конгон учактардын ишинде тосколдук жаралып жатат.  Эми Туркияда аларга каршы  кыргыз бүркүттөрүн ишке тартуу болжолдонуп жатат. 

Мирбек Сакенов,БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз