Кырсык

Смоленсктеги авиа кырсыктын себептерин иликтөө 6 айга узартылды image Фото: http://ru.fishki.net/

15 Март, 2016 1077

Польшанын башкы аскер прокуратурасы Смоленсктеги авиа кырсыктын себептерин иликтөөнү соңуна чыгарууну дагы 6 айга узартты. Иликтөө 10-апрелде аяктамак. Тергөөчүлөр АКШ менен Орусиядан экспертизаларды, укуктук көмөктөрдү күтүп келишет. 2010-жылы 10-апрелде президент Лех Качинский баштаган Польшанын бийлик өкүлдөрү жана диний кызматкерлер Ту-154 учагы менен кырсыкка кабылып, баардык 96 адам көз жумган. Кара тумандан улам коно турчу жол көрүнбөй, учак бакка урунганы айтылган.  Варшаванын расмий өкүлдөрү Смоленскке 40-жылы Катынь токоюнда массалык түрдө өлтүрүлгөн поляк аскерлерин эскерүү үчүн барышкан. 

Калыгул Асамбаев, БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз