Саясат

Эсептөө палатасынын төрайымы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду image Фото: http://kaganat.kg/

16 Март, 2016 422

Жогорку  Кеңеш бүгүн Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы жазган арызына байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.   Бир  катар   эл   өкүлдөрү    ал аудит    кызматында кыйла натыйжалуу иштегенин, Эсептөө палатасында реформаларды жүргүзө алганын  белгилешти.  

Эсептөө   палатасынын    жетекчилигине  2012-жылдын  декабрь  айында  келген   Элмира  Ибраимова   алгач эл өкүлдөрүнө палатанын ишмердиги тууралуу кыскача маалымат берип, 3  жыл  аралыгында  финансылык   тартип   бузуулардан  бюджетке   4,7 миллиард сом кайтарып берүүгө  мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн  белгилеп  өттү.

Андан  кийин  сөз  алган  көпчүлүк  эл  өкүлдөрү  Э.Ибраимова   эсеп  палатасында     өзүн  тажрыйбалуу  жана  принципиалдуу  жетекчи  катары  көрсөтүп,  ачык  иштегендигин  белгилешти.  Депутат  Каныбек  Иманалиев анын  бай  тажрыйбасы  башка  кызматта  да  керек  болорун  айтты.

 ЖКтин  төрагасы   Асылбек  Жээнбеков    Элмира    Ибраимова      ишмердүүлүгүн улантууга дагы бир жыл убактысы болгонуна  карабастан,  эсеп  палатасына  келе  жаткан  жаңы  курам,  жаны   аудиторлор  менен  бирге  иш  башталсын  деп  кетип  жаткандыгын  белгилеп,   ийгилик  каалады.

Жыйынтыгында  Жогорку Кеңеш,   Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы жазган арызына байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.

Майраш Базлакунова, БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз