Аналитика

Башар Асад үчүн орус аскерлеринин Сириядын чыгып жатышы күтүүсүз болдубу? image Фото: http://image.zn.ua/

16 Март, 2016 32768

Дүйнө коомчулугунун назары учурда орус аскер күчтөрүнүн Сириядан чыгарылып жатышына бурулууда. Кремлдин бул кадамы түрдүү жоромолдонуп жатат. Башар Асаддын таянычы болгон негизги күчтүн майдан талаасынан алысташы эмнеден кабар берет? Абал мындан ары кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн? Бул багытта Калыгул Асамбаев баяндамачы Алмаз Батилов менен маектешкен.

Биринчи радио: Ушул  Сириядагы акыркы окуяны кандай кабылдадыңыз сиз? Орус аскер күчтөрү чыгарылып  жатышы буга чейин ок атышпоо тууралуу келишимдин оң натыйжасынан кабар береби  же абалды кайра татаалдантышы мүмкүнбү? Москванын жардамы менен Асад өзүнүн  турумун бекемдеп алган да буга чейин? Эми негизги таянычынан ажырагандан кийин  каршылашуулар кайра кеңейет деген пикир айтылып жатат?

-Тарыхтан баштасак, Советтер Союзунун аскерлери 1976-жылы Анвар Садаттын учурунда Египеттен чыгарылган. Булардын  окшоштуктары бар. Экөөндө тең аскерлер март айында чыгарылып жатат. Орусия максатына жетиштиби, жетишкен жокпу, Асад Россиянын жардамысыз каршылаштарына туруштук бере алабы деп так кесе айтууга болбойт. Батыш менен орус серепчилеринин анализдерин карасак бири-бирине карама-каршы келип отурат. Дамаск мындай болоорун билген эмес окшойт акырына чейин. Москвадагы сириялык күрддөрдүн Абдусалам Алинин билдиргенине таянсак, аскерлер чыгарылаарын Асад Путинден телефон аркылуу сүйлөшкөндө гана уккан. Ошондой эле окшош пикирди “Оклахома” Чыгыш изилдөө борборунун мүдүрү Джошуа Лендис да айтып жатат. Ал билдиргендей өткөн аптада Асаддын тегерегиндегилер бардык аймактарды оппозиция менен “Ислам мамлекетинен” тартып алабыз дешкен. Бирок, ал Дамаскка телефон чалганда Асаддын адамдарын телефонду көтөрбөй коюшкан. Демек, бул да расмий Дамаск мындай болоорун билген эмес деген бир бүтүмгө келип жатат. Эми Асадды колдогондордун катарында сунниттер да бар.

Биринчи радио: Демек, диний  фактор дагы деле олуттуу мааниге ээ болуп келдиби бүгүнкү күнгө чейин?

-Ооба. Бирок, Асадды колдогон суниттердин саны азбы, көппү бул суроо азырынча жоопсуз. Учурда орус серепчилери Асад Ооганстандын экс-президенти Наджибулла сыяктуу Кремлдин үмүтүн актаган жок деген жаңылыш пикирди айтып жатышат. Тарыхка кайрылсак, Наджибулла советтик аскерлер кеткенден кийин 3 жарым жыл талиптерге туруштук берген. Орус серепчилери минтип кесе айтууга акысы жок.Себеби легендарлуу генерал Л. Шебаршин Наджибулланы Россиянын Азиядагы акыркы досу деп жогору баалаган. Эми Асад балким тез эле кулайт, балким кулабай бийлигин сактап калышы мүмкүн. 5 жыл каршылаштарына туруштук берип келбеди беле.

Биринчи радио: Сириянын  оппозициясы менен террорчуларды кантип ажырата билүү мүмкүн. Экөөнүн тең  максаттары Асаддын бийлигин кулатыш керек. Мындан башка окшоштуктары барбы?

-Буларды ажыратып билүү оор болуп жатат. Кээде бири-бирине аралашып кетишүүдө. Күндөн-күнгө алмашып жатышат. Эми Асад кайындарын пайдаланганга аракет кылат. Себеби, аялы Асма аль-Асад сунниттердин таасирдүү тайпасынан.

Биринчи радио: Кремлдин  ушул кадамынан кийин Москва менен батыштын ортосундагы карама-каршылыктар  жеңилдейт деп ишенсек болобу, аскерлердин чыгарылышы чыңалган абалды жумшарта  алабы?

-Жеңилдейт деп ишенүүгө болбойт. Себеби, Сирия стратегиялык мааниге ээ өлкө. Ал Жер Ортолук деңизинин “жибек жолу” болуп жатпайбы. Экинчиден Тартус деген жеринде орус аскер базасы бар. Алар аскер базасынан баш тартпайт.

Биринчи радио: Эми ок  атышуулар толук жоюлуп, тынчтык өкүм сүрүп калса, Дамасктын мойнунда дагы бир  чооң милдет турат. Мыйзамдуу, таза шайлоо өткөрүш керек да. Анткени негизги  талаш Асаддын кызмат ордуна байланыштуу жаралып жатпайбы? Мына апрель айында  парламенттик шайлоо өтөт ал жерде. Андан кийин мамлекет башчыны тандап, утулган  утулганын мойнуна алып, курал көтөрүп кайра көчөгө чыкпашы керек да. Бул экинчи  миссия кандай жүзөгө ашышы мүмкүн?

-Оппозиция шайлоодо жеңилген күндө да куралды таштап, тынчтыкка моюн сунат деп ишенүүгө болбойт. Алавиттер да, сунниттер да, христиандар да согуштан чарчады. Булар кандай добуш бериши мүмкүн деген олуттуу маселе бар.

Биринчи радио: Негизи  Сирияда кандай кызыкчылыктар бар башка өлкөлөрдүн? АКШнынбы, Россиянынбы? Же  Сириянын коңшусу Түркиянынбы? Негизи баары Сириядагы терроризм бара-бара өз  мамлекеттерине да коркунуч жаратат деген жүйөөнү келтирип жатышат өздөрүнүн  ошол өлкөгө карата жүргүзгөн саясаттарын. Андан башка кандай максаттар болушу  мүмкүн көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн, айтылып-айтылбаган?

-АКШ орус аскерлери чыгып кеткенден кийин Сирияны федеративдүү түрдө бөлүүгө аракет кылат деген жүйөөлүү маалыматтар бар. Асадга жакын тайпа деңиздин жээгиндеги Латакияда өзүнчө мамлекет болсо, күрддөр өзүнчө автономдуу аймак сурайт. Алар келечекте Ирактагы күрддөр менен баш кошушу мүмкүн. Сирияда Перс булуңундагы Сауд Аравия баштаган араб мамлекеттеринин да аракеттери басаңдай элек. Алар Асадга каршы башка ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Окуя мындан да татаалданып кетпейт деген кепилдик жок.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз