Саясат

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында суу резервуарынын ачылыш аземине катышты image Фото: http://www.president.kg/

16 Март, 2016 1301

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы «Достук» аймактык кеңешинин аймагында курулган жаңы суу резервуарын ачып, иш-чарага чогулган эл менен жолукту. Анда өлкө башчысы бир катар көйгөйлүү маселелерге токтолду. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысы, пенсиялык төлөмдөр, жол куруу, таза суу маселелери тууралуу да пикирлерин айтып, Ош шаарынын элин чыдамдуу жана ынтымактуу болууга чакырды.

 “Ордолуу Ош эли 2010-жылдары  башынан оор кырдаалдарды өткөрдү. Ал кезде да чагымчылдар элдердин арасына от жаккан. Азыр да элдердин арасында ар кандай пикирлерди таратып жаткандар эл бузарлар деп айтар элем. Аларды таш менен уруп, өлкөдөн кубалап чыгуу керек. Ош шаары көп улуттуу эл. Андыктан уруу-уруу болуп бөлүнбөй, улут-улут болуп ажырабай бир бүтүндө ынтымакты туу туталы. Биздин бабалар эч качан бөлүнгөн эмес, Кыргыз эли Ош шаары менен, эли менен сыймыктанабыз”- дейт Мамлекет башчы.

"Кээ бир партиялар шайлоо алдында убадаларды берип алып, Парламентке барып алгандан кийин, башка ишти жасап жатышат. Мына алдыда шаардык кеңешке шайлоо жүргөнү турат. Суранарым ойлонуп шайлап, добуштарды сатпагыла. Мен да мына Президенттиктен кетем, жакшылап ойлонуп, жаңы президентти туура шайлагыла" – деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

“Ал эми Президент ачылышына күбө болгон суу кампасы Ош шаарынын тургундарынын 21 пайызын таза суу менен камсыздайт. Долбоор 2014-жылы башталып, быйыл толук бүткөрүлдү”- дейт Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Суу кампасы аркылуу Жапалак, Керме-Тоо, Ак-Тилек айыл аймактары суу менен камсыз болот.

Буга чейин Ош шаарынын көпчүлүк бөлүгү жамгыр жаап, күн бүркөлгөн учурларда таза суу жетпей кыйынчылыкка учурачу. Ош шаарынын тургуну Тагай Салиев таза суу маселеси чечилгени жакшы болду деп кубанды.

Президент АлмазбекАтамбаев 16-мартта Ош облусунун жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Иш-сапардын алкагында өлкө башчы 17-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна барып, Аксы окуясынын 14-жылдыгына арналган иш-чарага катышып, эл менен жолугушат. Андан кийин Жалал-Абад облустук активдер менен жыйын өткөрмөкчү.

Сүймөнкул  Идирисов, Биринчи  радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз