Коррупция

500 млн сомго жакын чыгым алып келген салыкчы камакка алынды image Фото: http://www.maximonline.ru/

17 Март, 2016 676

Мамлекеттин казынасына жарым миллион сомго жакын чыгым алып келген райондук салыкчы камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кармалган кызматкер кызмат абалынан пайдаланып, каттоодон өткөн жалган ишканалардын отчетторун нөлдүк көрсөткүч менен тапшырып келген. Мындай ишмердүүлүк менен  бир нече компания менен иштешкен

Өлкө казынасына 500 млн сомго жакын зыян келтирген салыкчыга кылмыш иши козголуп камакка алынды. Мыйзам бузууну Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы аныктаган. Шектелип камалган кызматкер Ленин райондук  салык башкармалыгында  салык текшерүүлөр бөлүмүндө башкы ипспектор болуп иштеп келген.

Мындай кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 1998-жылдан бери аткарылып келген. Кийин 2012-жылы гана мыйзам бузуулар аныкталган.  Учурда ыкчам-тергөө иштеринин алкагында тиешелүү иштер аткарылып жатат.  Адистер дагы мыйзамсыз акча өндүрүп келген бул окуяда  жетекчилердин  байланышы жок экендигин четке какпайт. Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идиновдун айтымында кылмыш ишине жетекчилердин дагы байланышы болушу ыктымаал.

Көп жылдан бери созулган мыйзамсыз аракеттер өткөн жылы гана  салык кызматынын атайын жүргүзүлгөн мониторингинде аныкталган. Себеби бул мекеменин ишмердүүлгүн  компьютерлештирүүдө байкалган. Жалпы мамлекетке 499 млн сом зыян келтирилген.  .

Ленин райондук  салык кызматынын кызматкери 14-мартта кармалып Кылмыш Жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп. Кармалган шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз