Польшадан келе турган айыл чарба техникасынын баасы кымбат image

17 Март, 2016 499

Кыргыз Республикасы менен Польша республикасы ортосундагы өкмөттүк макулдашуунун негизинде айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 40 миллион евро берилген. Бул каражатка Польша тарап жергиликтүү айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүү жабдууларын берүүнү сунушташууда. Польша техникаларынын артыкчылыктары тууралу бүгүн республиканын дыйкан-фермерлерине түшүндүрүү иштери Бишкек шаарында өткөрүлдү. Бирок алардын техникаларынын баасынын кымбат экенин дыйкандар белгилешүүдө.

Польшадан келе турган айыл чарба техникаларынын баалары кымбат. Ошондуктаны аны сатып алуу учун өлкө аймагында биргелешкен ири чарба түзүү зарылдыгы келип чыга турганын Ат-Башы районунун дыйканы Эсенбек Омургазиев белгиледи.     Талас облусундагы Манас районунун дыйканы Сеиткан Маматаевдин айтымында бир Польша айыл чарба техникасын сатып алган каражатка эки орус техникасын сатып алууга болот. Ошондуктан жергиликтүү дыйкандар үчүн мындай сунуш максатка ылайыктуу эмес экенин эске салат. Ал эми Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы “Келечек”  дыйкан чарбасынын жетекчиси Таалайбек Акеев мындай иш чараларды өлкө борборунда эмес, жер-жерлерде өткөрүү зарылдыгына токтолот. Анткени, Польша техникаларын иш билги адистердин элет элине айтып бергени натыйжасын бере турганын белгиледи.                Польша айыл чарба техникасы жети жылдык мөөнөткө үстөгү тогуз пайыз менен “Айыл банк” тарабынан бериле турганын  Айыл чарба министрлигинин механизация департаментинин директору Нурлан Кожогулов маалымдады. 

Экинчиден Польшадан чыгарылган айыл чарба техникалары Европада  сапаты жана кубаттуулугу жагынан жогору баага татып келгенине токтолду.   

Иш чарага катышкан өлкө дыйкандары Польша техникасынын баасы кымбаттыгын белгилешти. Ошондуктан бул боюнча азырынча сунуштар түшө электигин Айыл чарба министрлигинин адистери эске салышат. Эртең мындай иш чара Ош шаарында өткөрүлөт.

Кадыр Калилов, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз