Жеңилдетилген насыяларды алууда кыйынчылыктар жаралууда image Фото: http://biznes-prost.ru/

17 Март, 2016 568

Республиканын дыйкан-фермерлерине “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар  “Айыл-Банк”, РСК-Банк  жана башка коммерциялык банктар аркылуу берилүүдө. Жеңилдетилген кредиттер үрөөнчүлүк, мал чарбасы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, уруктандыруу жана айыл чарба кооператив тармагында иш жүргүзгөндөргө  бөлүнүп жатат.  Быйылкы жылдан тарта насыянын мөөнөтү 3 жылга узартылып, 10 пайыздык үстөк  менен берилүүдө.

Жер иштетүү , мал чарбачылыгына, кайра иштетүүгө насыя алууну каалаган  дыйкан-фермелердин саны  көп болууда. Маселен, Суусамыр  районунун тургуну  Шабдан мырза насыя алуу үчүн керек болгон документтерди топтосо да тоскоолдуктар жаралып жаткандыгын айтат.

Кубатбеков: Биринчи жолу жер иштетүүгө топтогом, быйыл  болсо мал чарбачылыгы  деп документ  чогулттум. Айыл Банкка күрөөгө коем деп Бишкекке келип үйүмдү сүрөткө тарттым,  келебиз деп коюп мына 4-кун болду жок. Айтор илинчектери көп экен.

Ал эми зарыл болгон документтерди топтоп, кезек  күтүп турган Кочкор районунун Чолпон айлынын жашоочусу Кайырбек Кубатбеков ушул күнгө чейин “тил эмизип ” келген банктын кызматкерлерине нааразылыгын мындайча билдирет.

Эркин: 3 жылдан бери   кезеке турам. Былтыр 148- болгом, быйыл мына  118 демин. Дагы деле кезек жетпейт. Сарайымдын,  жеримдин документтери дайын турат. Барам, кайра келем ушинтип эле жүрөм.

Мына ушул сыяктуу суроолор  менен  “Биринчи радиого” кайрылган жарандар көбөйүүдө. Насыя алууну каалагандар үчүн  документтерди даярдоодо айрым бир өзгөчөлүктөр  каралгандыгын  РСК банктын чакан жана орто бизнести насыялоо бөлүмүнүн башчысы  Эдил Эшалиев айтты.

Күрөөгө койгон документтер керек, мал чарбасы болсо айыл  өкмөтүнөн справка керек, жерин көрсөтүш керек. 250 миңден жогору кредиттери  барлардан  соцфонддон жана салыктан  карызы жок деген справка керек. 

2016-жылдын  1-февралынан тарта   дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыялар  “Айыл чарбаны каржылоо -4”  программасынын  алкагында  10 пайыздык үстөк менен  бериле баштады. Ошол эле учурда  айрым бир өзгөчөлүктөр белгиленди. Тактап айтканда, быйылкы жылдан тарта насыянын мөөнөтү 2 жылдан 3 жылга узартылды  жана  100 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз берилет.“Айыл банктын” насыяларды башкаруу  бөлүмүнүн   башчысы Бакыт Асанбаевдин билдиришинче, жазгы иштерге  белгиленген  1 миллиард  200 млн   сомдун  416 миллион сому, 1 мин 150  дыйкан-фермерге берилди.  

Б. Асамбаев: Быйыл 3 жылдын мөөнөт менен мал чарбасына,  жазгы иштерге, кайра иштетүү , айыл чарба кооперативин өнүктүрүүгө берилип  жатат. Дагы бир өзгөчөлүк  100 миң сомго  чейинки күрөөсүз кредит берилген жатат. Эгерде   дыйкан айыл жергесинде жашап иштете алгыдай мүмкунчулүгүн көрсөтсө,  айылдык кеңештен уруксат алыш керек болот. 

Ал эми РСК банк  аркылуу 1 миллиард сом насыя берүү  пландаштырылган,  бүгүнкү  күндө  218 миллион  сом  насыя   дыйкандарга берилди.   

Эске салсак,  Кыргыз өкмөтү дыйкандар үчүн жазгы талаа иштерине 2,7 миллиард сом каражат бөлгөн. Мындан тышкары “Орус-Кыргыз өнүгүү фонду” менен түзүлгөн  келишим  боюнча 12% өлчөмдө берилүүчү насыяларды берүүдө  кайра иштетүү тармагына басым жасалат. 

Г.Усенова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз