Коргонуу жана коопсуздук

«Тынчтык миссиясы-2016» машыгуусунун кезектеги сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды image Фото: http://cdn-st1.rtr-vesti.ru/

17 Март, 2016 952

Эки күнгө созулган «Тынчтык миссиясы-2016» машыгуусунун кезектеги сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон Кытай, Оруссия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын Куралдүү Күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстанда өтө турган  аскердик машыгуунун даярдыктары талкууланды.

 «Тынчтык миссиясы-2016» машыгуусунун кезектеги сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнун өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында протоколго кол коюлду.  

Сүйлөшүүлөр эки күнгө созулуп тиешелүү маселер каралган. Анда машыгууну өткөрүү маселелеринин ичинде аскер техникаларын алып келүү, жоокерлерди жайгаштыруу, мамлекеттер ортосундагы коргоо түзүмдөрүнүн кызматташуусу талкууланган. Иш-чарада Кытай Эл Республикасынын Аскер делегациянын башчысы Цы Говей  эл аралык деңгээлдеги коркунучтарга каршы турууга бул машыгуунун орду чоң экендигин айтат.

Аталган машыгуу үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Балыкчы шаарындагы Күжүрмөн даярдоо борборунда өтөт. Ага беш өлкөнүн авиациясы, аскер оор техникалары жана жоокерлери катышат.  Ал эми канча аскердик техника жана жоокерлердин катышуусу жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөрдө аныкталат.  

Аскердик машыгууга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден сырткары Индия, Пакистан өңдүү бир катар өлкөлөрдүн байкоочулары жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда  мындай эл аралык деңгээлдеги антитеррордук машыгуу биринчи жолу өтөт. 

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз