Коом

Көрмө камера: 20 миң жол эрежелерин бузган айдоочулар катталды image

18 Март, 2016 487

Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз көрмө камера орнотулгандан бери 20 миң жол эрежелерин бузган айдоочулар катталды. 15 миң айдоочунун дарегине айып дүмүрчөгү жиберилди. Мунун натыйжасында мамлекеттик казынага тиешелүү өлчөмдөгү каражат түшкөнүн  Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Транспорт агымы республиканын борборуна Сокулук району тарабынан келет. Ошондуктан бул жайга биринчи көрмө камера орнотулду.

Көрмө камера орнотулган жердеги  катталган транспорттардын бардын фактылары Ички иштер министрлигиндеги атайын маалымат борборуна сакталат. Анын негизинде айып бузган айдоочулардын даректери такталып, айып дүмүрчөктөрү почта аркылуу жөнөтүлө турганын жол кайгуул кызматынын администрациялык чара көрүү бөлүмүнүн улук инспекторуТалант Сыдыков билдирди.                                                                                                                                          Кормо камерага катталган унаанын техникалык паспортуна ысымы жазылган ээсине айып дүмүрчөктөрү жиберилет. Ал эми ишеним каты менен менен унаа башкаргандар боюнча маалымат мамлекеттик каттоо кызматында же жол кайгуул кызматына катталбайт, - дейт республикалык жол кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов.   

Туристтик сезонго карата көрмө камералар Ысык-Кол районунун унаа жолдоруна орнотулду. Андагы жол эрежелесин бузгандар Өзгөчө көзөмөлгө алына турганын жол кайгуул кызматынын адистери эске салышат.

К.Калилов, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз