Кырсык

Бишкекте "Ретро-Метро" клубунун жанындагы эс алуу борборда өрт чыкты image Фото: www

24 Фев, 2018 9182

23-февралда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Причал" эс алуу борборунан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоонун мизи саат 22.57де кайтарылып, түнкү экилер чамасында толугу менен өчүрүлдү. Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа жана куткаруучулар иштеди. 

Белгилүү болгондой, кырсык тууралуу билдирүү саат 21.27де түшкөн. Алдын ала маалыматта имараттын чатыры күйүп жатканы айтылган. Учурда тилсиз жоонун чыгымы жана себептери аныкталып жатат. Өрттөн жабыркагандар жок.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз