Коргонуу жана коопсуздук

Күндүн темасы: Жол эрежесин билбеген айдоочу жол кырсыгына себепкерби? image Фото: www.ktrk.kg

1 Март, 2018 1208

Кыргызстанда үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра окууга жиберилет. Бул боюнча Административдик кодекске өзгөртүү  кирет. Учурда ИИМ сунуштап жаткан мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо, айдоочулар мектептеринин  абалы, ишмердүүлүгүн козөмөлдөө жана лицензия берүү маселелери тууралуу cөз болду.

Уктурууга КР билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын жетекчиси Казыев Нурбек Кожоярович, КР өкмөтүнүн алдындагы ММКнын транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жооптуу кызматкери Рыскелдиев Адылбек Мукашевич, КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполкованиги Оторов Тилек Арсыбекович катышты.Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз