Экономика

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды image Фото: www

1 Март, 2018 8060

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына маалымат берүүлөрү керек.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктадган. Анын жыйынтыгында алдын ала маалымат боюнча 70 миңден ашык юридикалык жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз