Коом

Бишкек шаарында 93 балдар бакчанын он биринде гана кыргыз тилинде тарбия берилет image

18 Март, 2016 973

Бишкек шаарында 93 балдар бакчанын он биринде гана кыргыз  тилинде тарбия берилет. Ал эми жыл ичинде мамлекеттик тил мыйзамына жооп  бербеген 37 жарнама тактасы рейд учурунда алынган.  Аны алдын ала текшерип-тескөө  кызматы учурда толук түптөлө элек. Анткени жарнама департаменти жоюлгандан  кийин, бул ишти шаардын муниципалдык  менчик башкармалыкка  өткөрүү  үчүн   жобосу аягына чейин иштелген эмес. Бул жөнүндө бүгүн Бишкек шаардык  Кеңешинтин жумушчу комиссиясынын   мамлекеттик тил маселесин талкуулаган   жыйынында сөз болду.   

Мамлекеттик тил мыйзамы 27 жылдан бери ишке ашпай келген Бишкек шаарында  эми жылыш болобу деген үмүт жаралды. 18-мартта, Бишкек шаардык Кеңештин жумушчу комиссиясынын  мамлекеттик тил  маселесин караган жыйынына чакырылган мекеме жетекчилери адатынча, кимдир бирөөнү жөнөтүп койгону менен Бишкек шаарынын мэри өзү катышты. Чү дегенде эле, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов,  Кыргызстандын борборунда көчө аттары жана жарнамалар кыргыз тилинин  эрежесине жооп бербей жатканын айтты.

Жыйында сөз болгондой, буга чейин мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын Бишкек шаарынынвице-мэрлери көзөмөлдөп келген учурда эч  жылыш болгон жок. Башкасын айтпаганда да Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында бир дагы кыргыз тилинде  иш кагаз жаза ала турган кызматкер жоктугунан, бул жерде орус тилинде маалымат берүүдө.  Ошондуктан, шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушун  менен  мындан ары мамлекеттик тил маселесин Бишкек шаарынын мэри өзү колго алары белгилүү болду.

Тарых жана маданият жылында Кыргызстандын борборунда кыргыз тили күчүнө кирип, көчө  аттары, жарнамалар  толук кыргыз тилинде болушу керек - дейт, бул жыйынды башкарган Бишкек шаардык Кеңештин депутаты  Анарек Сарымсаков.

Жыйындын катышуучулары борбор шаарыбыздагы балдар бакчалары жана орто мектептерде кош тилдүү билим берүүнү колго алуу менен кыргыз тилине кош көңүл мамиле жасаган мекеме-ишканалардын  жетекчилеринин ишине көзөмөл-талаптуу күчөтүү жагы белгиленди.

Зинакан Кайыпова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз