ММК

Фабула: Оштун мэри 170 миллион сомду "сугунуп" койгонбу? image Фото: www

27 Март, 2018 1194

Басма сөзгө баяндама

Колу туткактар деген Фабуладан баштайлы. Бул сөз “Президент коррупциялык күрөштү ушулардан баштайбы” деп,  3 адамдын: Момуналиев, Шадиев, Кадырбаевдин сүрөтүндө жазылган темага коюлду. Бул адамдарга карата жазылган саптарды кийинки бетинен Оштун мэри 170 миллион сомду сугунуп койгонбу? Президент коррупцияга каршы күрөштү Шадиевден баштаса. Былыгы билинди. Камалсын... же Момуналиев деген аталышта орун алган макалалардан  улантып окуй аласыз. 

Бүгүнкү КыргызТуусу президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги Айтматов атындагы Эменбагында  ишембиликке чыгып “Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек” деген андагы айткан сөзүн, премьер министр Сапар Исаковдун “Жарандардын билимдүүлүгү- мамлекетти өнүктүрүүнүн эң негизги пайдубалы” деп айтканын, жазуучу Самсак Станалиевдин “Чынгыз Айтматов жөнүндө роман жазбайсыңбы, сенин колундан келет”деп кеңеш салып калды. Күткөн эмесмин,чочуп кеттим” деп айтканын алдыңкы бетине чыгарды.

КТ”-прессбурчу: Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында КТРК биринчи жолу өздүк сериалын тартып баштайт дегенди, Момуналиев менен Шадиев УКМКда сурак берди дегенди, Антикоррупциялык иш чара 48%га аткарылды. Кимдер жоопко тартылат дегенди, кытай кыргыз боло албайт же Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган төрт кытай жаранына кылмыш иши козголгондугун, чаралар көбөйгөнү менен мас айдоочулар азая электигин, Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 36%ы балдар“Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сактоо керек деген укук коргоо уюмдарынын билдирүүсун Чуй облусунун Жайыл жана Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын  криминалдык бөлүмүнүн кызматкерлери кызматынан кыянаттык менен пайдаланып 39 миң долларды жымырып алганын жазды. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"






Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз