ММК

"Багыт": ТЭЦте иштеген 300 кызматкер мурдагы директордун жакын туугандары image Фото: www

29 Март, 2018 1821

Басма сөзгө баяндама

Адегенде Багыт гезитинен баштайлы. Жалгыз тамчы сел болбойт-жаатташкан эл болбойт деген ураандын алдында жарык көрчү бул гезит жаңы санына Чу дайрасы казактарга Чүйдүн жүздөгөн гектар жерин кошуп берип жатат. Бороновго кулак кагыш деген, өлкөнү эмес өзүн ойлогондор деп, ТЭЦте иштеген 300 кызматкер мурдагы директордун жакын туугандары экен деген темаларды алдыңкы бетине чыгарды. Ошондой эле Канат Садыков да жооп бериш керек дегенди, Сагынбек Абдрахманов улуу инсан Чокморовду шылдыңдап жатабы дегенди,Токтосун Арзыгуловдун Бирназаров сени киного башкы ролго тартат экен десе,такыр ишене алган жокмун .. деп айтканына күбө болоорубузду  ушул эле биринчи бетинде эскертти. Гезит жарыялаган бул макалаларды кийинки беттеринен карап алыңыз.

Эми Азия Ньюсту карайлы. Саясаттан арбын жазган Азия Ньюс бүгүнкү санын “Өкмөт банкорт” деген темада чыгарды. КСДПнын курултайына президент Сооронбай Жээнбеков барбай турганы кабарланды дегенди да алдыңкы бетине жазды. Сөз чынынан бузулбайт деген гезит экс- депутат Туратбек Мадылбековдон алынган чакан маекти койду. Ал Сабыр Муканбетовдун калпты жазганына ачуум келип атат деп аталды. Макалага үндөш же тактоо иретинде деп Майдан гезитине экс президент туурасында берген Сабыр Муканбетовдун эскерүүсүнө жооп кылган Асланбек Сартбаевдин Душманың болсо да пастыкка түшпөй таза күрөшүү керек деген тактоосу же жообу орун алды. Ушундай эле ат жалындагы маекти депутат Рыскелди Момбеков берди. Ал Кытайдан келген 1млн сом боюнча суроолорго жооп берген Анда 2010-жылдары Ата Мекен партиясы чет өлкөдөн канча млн долларлык жардам алганыжөнүндө маалыматтар чыккан болчу. Алардын артынан эмне үчүн эч ким андып, сая түшкөн жок? Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз