Коом

"Кыргыз туусу": С. Жээнбеков футболчуларга дем берип, 1 млн сом берди image Фото: www

3 Апр, 2018 901

Басма сөзгө баяндама 

Расмий гезит Кыргыз Туусунан баштайлы. Бүгүнкү жаңы санынан өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун футболчуларга дем берип, 1 млн сом бергени туурасында жазылган “Силер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Биз силерге ар дайым күйөрман болдук”- деген сөзү менен аталган   макаланы, премьер министр Сапар Исаковдун “Таза жашоо”-өнөктүгүнүн максаты жаштарга айлана-чөйрөбүзгө,жаратылышка аяр мамиленин үлгүсүн көрсөтүү” деп ишембиликтен алынган маалыматты, ошондой эле күндүн олуттуу окуясынан жазылган качанга чейин Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаары маршруттук каттамдардын кожоюндарынын барымтасында калат? деген саптарды батырган макаланы окуй аласыздар. 

“КТ”- пресс бурчу билдирет транспорт каражаттарын жеңилдетилген баа менен кайра каттоо тууралуу токтомго ушул айда премьер-министр Сапар Исаков кол койгону ага ылайык каттоо арзан кезде каттатып калгыла дегенди, Бишкектеги  “Ала-Тоо”ресторанда 31-мартта болгон тойдон кийин ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүп жатканын билдирген маалыматты,

Бүгүн Фабула уурунун жолу кууш... деп. Жакында “Райым миллион” түрмөгө отурабы? ... деген тема менен жарык көрдү. Бул тема гезиттин кийинки бетинде “Райым миллионду ”түрмөгө отургузуп, кустуруш керек” деген аталышта уланат. Алгачкы бетиндеги майда макалалар Сатыбалдиев эмнеге дөөгүрсүйт? Оомат турганда оокат качмак беле.. Турсунбеков суралып, жардамчысына кылмыш иши козголду, Музаффар Исаков татыктуу жазасын алыш керек, Нурлан Сулаймановдун иши сотко өттү, айдоочуларга Албектин алы жетеби? Рыскуловдун кытайлык компанияда кандай кызыкчылыгы бар? “Эдичка” калпычыбы? деген аталышта орун алды.Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз