Саясат

Өкмөт башчы А.Калиевди ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасын берди image Фото: www

10 Апр, 2018 9241

Өкмөт башчы Сапар Исаков "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевди кызматтан бошотуу тапшырмасын берди. Бул туралуу  мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн кеңешмеде белгилүү болду. 

Премьер-министрдин баамында ТЭЦте орун алган абалга ишке болгон шалаакылык мамиле себеп болгон. Эске салсак, Бишкек жылуулук борборундагы кырдаалдын келип чыгуусу боюнча тергөө иштери уланууда. Жергиликтүү серепчилер дагы тармактагы абал жетекчинин ишинен көбүрөөк көз каранды экенин айтышууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз