Саясат

Өлкө тынчтыгын бузууга аракет кылган күчтөргө “Кыргызстандын келечеги үчүн” жаштар кыймылы каршы image Фото: http://4esnok.by/

22 Март, 2016 426

Ал арада жаштар Өлкөнүн тынчтыгын бузууга аракет кылган күчтөрдүн иш-аракеттерине каршыпикирин билдирип чыгышты. “Кыргызстандын келечеги үчүн” жаштар кыймылы, жаздын келиши менен башталып жаткан оппозициялык маанайдагы күчтөр уюштуруп жаткан митингдер элдин тынчтыгын бузууга багытталса биз жаштар каршы чыгабыз деп билдирди. Ал эми эл аралык талдоочулар Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмү боюнча демократиялык баалулуктарды бекем кармаган, сөз эркиндиги бар, экөнөмикасы акырындан болсо да өнүгүп жатат деген пикирлерин айтууда.  Кененирээк кийинки материалда

Кыргызстандын байлыгы бул туруктуулук жана элдин бүтүндүгү. Бирок жыл сайын жаз менен кошо оппозициялык маанайдагы айрым саясий күчтөр, өлкөдө баш-аламандык уюштурууга, тынчтыкты бузууга аракет кылып келүүдө, эгер оппозициялык күчтөр уюштуруп жаткан митингдер элдин тынчтыгын бузууга багытталса биз жаштар уюму катары каршы чыгып, четте карап турбайбыз дейтЖаштар уюмунун өкүлү Жалын Жээналиев.

Ошондой эле жаш активистер өлкө жаштарын саясатчылардын айткан сөздөрүнө ишенип, алардын катарына кирип кетпөөгө чакырат. Буга чейин да саясатчылар жаштарды курал катары колдонуп келген. Жаш активист Нурадил Баясовдун пикиринде, учурда президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты демкоратиялык жол менен өнүгүүгө баштап баратат. Коррупционерлерге, эл байлыгын уурдаган шылуундарга каршы аесуз күрөш да жүрүп жатат. Бирок өлкөнү артка тартып, бөлүнүүсүн каалаган да күчтөр болууда.

Ошол эле учурда жаштар Кыргызстанда оппозиция болбосун деген чакырык таштабайт деп кошумчалады активист Жалын Жээналиев.Парламентте оппозиция өз оюн айтып, позициясын билдирүүгө толук шарт түзүлгөн. Бирок айрым саясатчылар көчө оппозициясына өтүп, митингдерди уюштуруп жатканы өлкөнүн кадырын түшүрүп жатат деп белгиледи жаш активист.

Эл аралык талдоочулар Кыргызстан Борбор Азиянын ичинде демократиялык баалуулуктарды бекем кармаган, сөз эркиндигине эч кысым болбогон, акырындан болсо да экономикасы өнүгүп жаткан өлкө катары пикирлерин айтууда. Ошондой эле, Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев демилгелеген 2017-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү Стратиегиясынын негизинде, экономика, соода, жеңил өнөр-жай, туризм тармагында да бир катар алгылыктуу иштер жазалып жатканын эскперттер белгилеп, учурда өлкөдө туруктулуук жана биримдик керек экендиги айтылып келет.

С. Идирисов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз