Кырсык

Кара-Дарыя суусуна жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркап, 3 адам каза болду image Фото: МЧС

13 Апр, 2018 10770

2018-жылдын 13-апрель күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында "Фольксваген-Гольф 3" үлгүсүндөгү мамлекеттик №B85-48A жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен жеринде 2 адам каза болуп, 2017-жылы туулган наристе ооруканада каза болгон.
Ал эми жабыркаган 2 адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз