Policy

Бийлик оппозицияны сынга алды image

22 Март, 2016 420

Бийлик оппозицияны чек-арадагы абалды өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканы үчүн сынга алды. Аксыдагы митингке премьер-министр Темир Сариев катышып, элди жалган патриоттордун чагымчылдыгына алдырбоого чакырды. Өкмөт башчысынын айтымында маселени чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Оппозиция жер-жерлерде митингдерди өткөрүүнү мурдатан эле пландап келген. Эми чек-арадагы абалга өзгөчө басым жасашууда. Аксыдагы митингде оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров бийликти маселени чече алган жок деп айыптады.

Оппозиция чогулткан эл менен премьер-министр Темир Сариев жолугуп, чагымчыл аракеттерди колдобоого үндөдү. Өкмөт башчы бүгүнкүдөй абалдан кызыкчылык издөөнү “жалган патроиоттук” деп эсептейт. Эл алдында Бекназаровго кайрылып, анын эки ирет бийликте турган учурун эске салды.

Оппозиция такталбаган аймак бара-бара Өзбекстанга өтүп кетет деген маалымат таратууда. Өкмөт башчы Кыргызстандын бир сантиметр жери да башка өлкөгө берилбестигине ишендирди. Анын айтуусунда маселени чечүү үчүн баардык тиешелүү мекемелер аракет көрүп жатат. Дипломатиялык жол эң ыңгайлуусу болуп саналат. Бирок, Өзбекстанга олуттуу талаптар коюлган.

Оппозиция маселенин жаралышына бийликти айыптаса, тескеирсинче буга оппозиция себепкер болду дегендер да жок эмес. Чек-ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов коңшу өлкө жазында адатка айланган жер-жерлердеги митингдерди олуттуу кабыл алды деп эсептейт.

Коңшу мамлекеттин чек-арага байланыштуу мындай кадамына аткаруу бийлигинин өз божомолу бар. Өкмөттүн Чек-араларды тактоо жана чек-ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искендеров өлкө түштүгүндөгү Өзбекстан пайдаланып келген обьекттердин кайтарып алынып жатышы Ташкентти нааразы кылды деген пикирде. Жалал-Абаддагы Орто-токой суу сактагычы, Чоң наманган, Чуст, Сол жээк Нарын каналдары, “Достук”, “Маданият” өңдүү насостук станциялар, Баткен облусунда Сох-Шахимардан, Лаган каналдары, “Фергананефть” автобазасы, ал эми Ошто Савай каналы өңдүү обьекттер Кыргызстандын аймагында болгонуна карабай мурда коңшу өлкө пайдаланып келген.

Мамлекеттик чек-ара кызматынын маалыматына таянсак, учурда эки өлкөнүн аскерлери турган такталбаган Чаласарт тилкесинде абал туруктуу. Кербен-Ала-Бука жолунда жүргүнчүлөр тоскоолдуксуз каттап жатышат.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз