Саясат

Кыргызстанда реалдуу программа сунуштаган оппозиция барбы? image Фото: http://news.fergananews.com/

22 Март, 2016 1086

Саясатчылар , бийлик менен оппозициянын ортосундагы  мамиле саясий турмушка гана эмес, социалдык-экономикалык жагдайларга да таасирин тийгизерин бир ооздон белгилешет.  Цивилизациялуу  өлкөлөрдө  мындай маселелер  конструктивдүү  жол менен чечилери белгилүү. Кыргызстандагы  оппозиция көп учурда  митинг, курултай  өткөрүү менен  алектенет.  Ал эми алардын реалдуу программасы тууралуу эч ким уккан да , билген да жок.

Жакында эле  оппозиция өкүлдөрү  митинг өткөрө тургандыгын жар салган.  Мурдагы чиновник,  учурдагы  оппозиция өкүлү Бектур Асановбул митинг  көпчүлүктүн катышуусунда  анан дагы түрмөдөгүлөр  да  катыша тургандыгын айткан.  

-Асанов  Митинг чоң болот аябай. Грандиозный митинг болот. Ага баары  түрмөдөгүлөр да, сыртта качып жүргөндөр да  катышат. 

Кыргызстанда оппозиция  митинг өткөрүп, элди кокутуп-үркүтүү  сыяктуу иштерди  жасайт. Ал эми  цивилизациялуу өлкөлөрдө бул башкача, тактап айтканда, оппозиция  ал мамлекеттерде  бийлик менен  акылдашат. Биздин өлкөдө бул жээкке,  кызмат ордунан четтетилгендер чыкса, батышта  элдин тагдырына  тынчсыздангандар барат.   

Кыргызстандын оппозициясын  кимдер  түзөт?   Биз, жакынкы күндөрү курултай өткөрүүгө ниеттенип жаткан оппозиция  өкүлдөрүнүн айрымдарына  токтолууну эп көрдүк.

-Азимбек  Бекназаров.  2005-жылдан кийин  ал башкы  прокурор  кызматын ээлеген.  Бирок ,   башкы көзөмөл органдын жетекчилигинде   отуруп   2002-жылдагы Аксы окуясын  аягына чейин иликтеген жок. 

-Бектур  Асанов. 2010-жылдагы окуядан кийин , Жалал-Абад облусунун  губернатору болуп  элге таанылган.  Акаев жана  Бакиевдин   учурунда Кыргызстандын Пакистандагы  элчиси, Жалал-Абаддын губернатору болгон.   

-Өмүрбек  Суваналиев.  Бакиевдин  учурунда  Нарын облусунун губернаторлук  кызматын аркалаган. Бул инсан шайлоо жакындаганда гана  амбициялык пландарын сунуштайт.  Бирок, саясий карьерасы  оңунан чыкпай келет. Кайсы гана шайлоого  катышпасын, колдоого алынбай, четте  калууда.  

Албетте, булар  коомчулукка белгилүү болгон  гана фамилиялар.  Талдоочулардын баамында,  Кыргызстан  коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу  оппозицияга бай.  Ошол эле учурда митингдерди  өткөрүү боюнча да алдыңкы орунду бербейбиз. Бул оппозиция өкүлдөрү үчүн   кадимки эле көрүнүш.  Саясат таануучу Марс Сариев, пландаштырылган, системалуу иштери, өздөрүнүн  программалары , эл менен идеологиялык платформада  иш алып баруу демилгеси  аларда жок экендигин белгилейт.

Өнүккөн өлкөлөрдө  оппозиция өкүлдөрү  сунуштарын  жолугушууларда айтып,  бийлик өкүлдөрү менен бирге чечет экен, бизде болсо  тескерисинче. Бүгүнкү эле , Жалал-Абад облусундагы  митингди  мисалга ала турган болсок, Өкмөт башчы Темир Сариевдин  сүйлөшүү  тууралуу сунушун  оппозиция өкүлдөрү четке какты. 

Оппозиция менен бийликтин ортосундагы  консенсус элдин жана өлкөнүн  кызыкчылыгы  үчүн  ишке ашыш керек.  Президент да  буга чейин  азыркы оппозиция тууралуу пикирин айткан болучу. 

Талдоочулар,  демократия жолуна түшкөн Кыргызстанды  оппозиция  гана  артка тартып жатканын  айтууда.  Анын  аракетин коомчулук өзү баамдап, акыл-эс менен  иш алып баруусу  зарыл дешет .   

Г.Усенова, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз