Саясат

Кыргызстан кыргыз-өзбек тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу ЖККУ менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө image Фото: http://static.ca-news.org/

22 Март, 2016 471

Кыргызстан Жалал-Абад областынын Аксы районундагы кыргыз-өзбек тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна  кайрылып, алар менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш-чапарынын алкагында эл менен болгон жолугушууда билдирди. Ал арада  Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз жыйыны Москвада өтүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз жыйынында уюмдагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүл  Аман Мамбетсейитов мүчө мамлекеттерге Жалал-Абад областынын Аксы районундагы кыргыз-өзбек тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу маалымат берип, уюм мүчөлөрү менен кеңешүүлөр жүрүүдө.

Ал арада  Кыргызстан чек ара маселеси боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кеңешүүлөрдү жүргүзүү үчүн кайрылганын премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш-сапарынын алкагында эл менен болгон жолугушууда билдирди.  Премьердин айтымында кырдаал курчугандан бери мыйзам чегинде дипломатиялык иштердин бардыгы жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облустунун Аксы районундагы Могол айылында кыргыз-өзбек такталбаган чек ара тилкесинде 18-мартта Өзбекстандын аскер кызматкерлери эки БТР менен КаМазды киргизген. Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары дагы ал жакка аскерлерди жөнөткөн. Азыркы тапта абал өзгөрүүсүз бойдон калууда, салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Ал эми кыргыз жана өзбек тарап тең талашка түшкөн чек ара тилкесинде аскер кызматкерлеринин санын азайтты.

  М.Абдраманова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз