Илим жана билим

Нидерландияда айдоочусуз автобустар кызмат көрсөтө баштайт image Фото: http://cdn.fishki.net/

23 Март, 2016 521

Илимпоздордун, ойлоп табуучулардын эмгегинин аркасында жаралган ачылыштар жана инновациялык жабдыктар колдонулуп, өз кардарларын табып келет. Алар белгилүү бир тармак үчүн гана пайдалуу болсо, дагы дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

Кытайдын Xiaomi (Сиавми) компаниясы акылдуу велосипедтерин чыгара баштайт. Заманбап жасалып, элге сунуштала турган велосипедин салмагы 7 киллограм. Ал ошондой атайын датчиктер жабдылып ылдамдык, жүргөн жолдун узундугу өңдүү маалыматтарды сиздин смартфонуңуздан  мобилдик тиркеменин жардамы менен ала алат. QiCycle (Кисайкл)деген ат менен чыга турган велосипедин баштапкы баасы 3 миң доллар болоору болжолдонууда.

Нидерландияда ушул жылдын май айынын тарта айдоочусуз автобустар кызмат көрсөтө баштайт. Алгач автобус жергиликтүү университеттин жүргүнчүлөрүн ташмакчы. Автобус 6 адамга ылайыкталып, электр тогу менен жүрөт. Ал атайын түзүлгөн маршруттун негизинде гана жүрбөстөн, өзүнүн багытын өзгөртүп айдоочулар айдап жүргөн жол менен жүрө алат. Мындай жетишкендик 2 айга созулган сыноолордон кийин белгилүү болду. Эми аталган автобусга Нидерландиянын башка шаарлары дагы кызыгышууда. Жаңы технологияны иштеп чыгууга жергиликтүү бийлик жана Делфт техникалык университети эмгектенишкен. Автобустун ылдамдыгы саатына  25 чакырым, долбоордун үстүндө иштеп жаткан окумуштуулар техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн дагы эмгектенээрин белгилешүүдө.  

Америкалык окумуштуулар жыландын уусуна каршы бирдиктүү дары ойлоп табуу алдында турат. Жаңы дарыны  жыландын 28 түрүнүн  уусуна  каршы колдонуга болот. Аны иштеп чыгууда кыйынчылыктар жаралбай койгон эмес. Алсак ар бир жыландын уусу ден соолукка ар түрдү  таасирин тийгизет. Мисалга бир жылан чагып алган учурда кол, буттун алы кетсе, дагы бири чаккан учурда адамдын териси тез жабыркайт. Мындай түрдүү таасир берген жылан уусуна бир дарыны иштеп чыгуу кыйын болгон. Сыноолор келемиштерге жүргүзүлгөн, окумуштуулар учурда дарыга потент алуу алдында турат. Окумуштуулардын айтымында жакынкы аралыкта аталган дарыны адамдарга колдонууга уруксат алынат. Ошондой эле алар эгер дары клиникалык сыноолордон ийгиликтүү өтсө, миңдеген адамдын өмүрүн сактап калууга жол  ачыларын белгилешүүдө.

Мирбек  Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз