ЖККУ кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байкоо жүргүзөт image Фото: http://nsn.fm/

22 Март, 2016 1102

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун  Москвада өткөн кезексиз отурумунда талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүүдө. Маалыматка ылайык, уюмдун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, абалга байкоо жүргүзмөй болушту. Эске салсак, аталган уюмдун туруктуу өкулдөрү кезексиз жыйынды бүгүн дагы улантышат.  

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз жыйынында уюмдагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүл  Аман Мамбетсейитов мүчө мамлекеттерге Жалал-Абад областынын Аксы районундагы кыргыз-өзбек тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу маалымат берип, уюм мүчөлөрү менен кеңешүүлөр жүрүүдө.

Ал арада  Кыргызстан чек ара маселеси боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кеңешүүлөрдү жүргүзүү үчүн кайрылганын премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш-сапарынын алкагында эл менен болгон жолугушууда билдирди.  Премьердин айтымында кырдаал курчугандан бери мыйзам чегинде дипломатиялык иштердин бардыгы жүргүзүлүп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму мындан 24 жыл мурда  КМШга кирген өлкөлөр тарабынан түзүлгөн. Жетишилген макулдашууларга ылайык, уюмга мүчө өлкөлөргө коркунуч болсо, биргелешкен аракеттер көрүлөт. Бүгүнкү күндө аталган уюмга  Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө болуп келишет. Өзбекстан болсо,  2012-жылы  уюмдан баш тартып, чыгып кеткен. Ал арада  уюм кыргыз-өзбек чек арасында орун алган кырдаалга өз баасын бермекчи. Чек ара кызматынын Башкы штабынын мурдагы башчысы Кубанычбек Сарыгуловдун баамында, кандайдыр бир куралдуу карама-каршылык болгон учурда Өзбекстан бүтүндөй бул уюмга каршы турушу керектигин түшүнуп турат. Андыктан ал тараптар кырдаалдын курчушуна жол беришпейт-деген ойдо.

Эске салсак, Жалал-Абад облустунун Аксы районундагы Могол айылында кыргыз-өзбек такталбаган чек ара тилкесинде 18-мартта Өзбекстандын аскер кызматкерлери эки БТР менен КаМазды киргизген. Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары дагы ал жака аскерлерди жөнөткөн. Азыркы тапта абал өзгөрүүсүз бойдон калууда, салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Ал эми кыргыз жана өзбек тарап тең талашка түшкөн чек ара тилкесинде аскер кызматкерлеринин санын азайтты.

М.Абдраманова,  Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз