Кылмыш

Араван районунун тургунунан 4 килограмм маңзат табылды image Фото: www

23 Апр, 2018 5864

Аравандын тургунунан 4 килограмм маңзат табылды. Ички иштер министрлигинин Ош шаардык Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери 42 жаштагы жаранды кармашкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон төрт таңгак табылган. Экспертизага ылайык, алынган зат апийим болуп чыккан. Анын салмагы 4 килограмм 433 граммды түзгөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз