Саясат

Cамаковдун иши боюнча жетиштүү далилдер жок image Фото: http://static.akipress.org/

23 Март, 2016 1635

Cамаковдун иши боюнча жетиштүү далилдер жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча соттук отурумда, Самаковду коргоо комитетинин өкүлдөрү билдирди. Ал эми айыптоочулардын күбөлөрүнүн бири Нурлан Асанов сот жеке коопсуздугун камсыздап берсе гана тиешелүү адамдардын атын атай тургандыгын айтты. Самаковдордун иши боюнча отурум Октябрь райондук сотунунун судьясы Чыңгыз Адамкуловдун кароосунда 7-ирээт өтүп жатат.

Соттук отурум Самаковдун иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келген күбөлөрдүн бири Нурлан Асанов менен адвокаттардын ортосундагы кайым айтышуу менен башталды. Жактоочулар Асановдун өмүр-баянына жана каякта иштей тургандыгына кызыкты.

Сот процессинде Самаковдун адвокаты Илларион Адамян күбө Нурлан Асановго пара алган адамдардын фамилиясын атоону суранды. Бирок Асанов өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздап берүүсүн соттон өтүнүп, андан соң гана көрсөтмө берерин айтты.

Нурлан Асанов: Мен көрсөтмө  берерден мурун, урматтуу соттон суранам, менин жеке коопсуздугумду камсыздап бергиле. Мени коргоого алсаңар гана бул иш боюнча фамилияларды, сумманы жана  документтер кайда экендигин айтып берем.

Ал эми Самаковду коргоо комитетинин мүчөсү Нурдин Дүйшөмбеков айыпталуучулардын иши боюнча жетиштүү далилдер жок, дейт. Күбө катары көрсөтмө бергендер жеткиликтүү маалымат бере албай, имиштерге гана таянып жатышат.

Буга чейинки сот отурумдарына Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарынын жашоочулары көрсөтмө берип келген. Бирок Самаковдун адамдары аларды шылдыңдап, аларды атайылап адаштырган деген пикирин күбөлөрдүн бири Нурлан Асанов билдирди. Бүгүнкү өтүп жаткан сот отуруму да акыйкатсыз өтүп, бир катар процессуалдык ченемдер бузулуп жатат.

Нурлан Асанов: Өзүнөр күбө  болгондой бүгүнкү сот отуруму акыйкатсыз өтүп, бир катар процессуалдык ченемдер бузулуп жатат. Күбөлөрдү шылдыңга алып жатышат. Буга чейин да Байтик,  Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарынын жашоочулары келип, күбөдөн  өткөндө, аларды адаштырып, шылдыңдаган учурлары болгон. Мен соттон сурадым,  адилетүү сот процессин жүргүзүүсүн.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча ишти тергеп бүткөнүн билдирип, ишти Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Карганбек Самаковго, Жаныш Бакиевге, ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевге жана Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Андан сырткары Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов, экс вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге да “кызмат абалынан кыянаттык кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

С. Идирисов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз