Коом

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга балаты майрамы уюштурулду image

28 Дек, 2015 814

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген “Оберег” реаблитациялык  борборунун  балдары үчүн балаты майрамы уюштурулду. Майрамдык  салтанатка аталган жайдын  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тарбиялануучулары катышып, аларды  Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев куттуктады.

тартуулашты.

 Бул жолку  балатынын өзгөчөлүгү мында тарбиялануучулар  жомоктогу  терс көрүнүштөрдү   сахналаштырылган  оюн - зоок  аркылуу  өздөрү көрсөтүштү. Аталган  борбордун мугалимдери    мындай  программа  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  жашоого болгон көз карашын өстүрүүдө зор өбөлгө болорун белгилешет.  Бул жайда беш жылдан бери жашап келе жаткан 19 жаштагы Мунара  жаңы жылдык балатыда  өзү жакшы көргөн  ырларын аткарды.

Азыркы тапта “Оберег” борборунда  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 32  адам  баш калкалайт. Алар жаш өзгөчөлүгүнө жараша эки тайпага бөлүнүп каралат . Аталган жайдын жетекчиси  Ольга Жабраилова мында  ар кандай илдет менен  жабыркаган майыптар бар экенин белгилейт.

- Бизде ар кандай илдет менен жабыркаган  майыптар күн  кечиришет  Алардын арасында 10го  жакын балада   аутизм илдети бар.  Ошондуктан  мында ар бир адамдын оорусуна  жараша  мамиле жасайбыз  албетте мекемебиз  кичинекей, бирок ага карабастан бизге  кайрылгандарга жардам берип келебиз. Жаңы жыл алдында  да алардын көңүлүн көтөрүү максатында балаты майрамын уюштурдук бул алардын  аз да болсо жан дүйнөсүнө таасирин тийгизет.

Майрамдык балатыга катышкан  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Эмгек жана социалдык өнүгүү  министрлиги тарабынан  белектер  таркатылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз