Коом

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган веложүрүш өттү image Фото: KTRK/videograp

8 Май, 2018 1080

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган веложүрүш өттү. Иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардан, жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулар, ошондой эле коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты. 

Веложүрүш Жалал-Абад шаарынын Сузак району менен чектешкен аймагынан башталып, калаанын “Жеңиш” эс алуу багына чейин созулду. Велосипедчендер тобу 4 чакырым аралыкты басып өтүштү. “Жеңиш” эс алуу багына чогулгандар согушта каза болгон баатырларга арнап куран түшүрүштү. 

Уюштуруучулардын айтымында, веложүрүштүн негизги максаты Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгон баатырларын эскерүү жана жаштарга алардын жасаган эрдигин түшүндүрүүнү көздөйт. Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңдей эр азамат катышкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз