Коом

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет image Фото: www

10 Май, 2018 700

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 130унчу жана 300-чакырымдарында тоо таштарын кулатуу иштери жүрөт. Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, таш кулатуу иштери 14-18-май күндөрү аткарылат. 

Мындан улам бул тилкеде жол маал-маалы менен эртең мененки тогуздан күндүзгү төрткө чейин жабылат. Унаалар топтолушуна жараша коё берилип турат. Жол кыймылына ИИМ өкүлдөрү көз салат. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз