Коом

Россиянын кошумча аскер базасы өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырылышы мүмкүнбү? image Фото: www

16 Май, 2018 771

Кыргызстанга Россиянын кошумча аскер базасы ачылса, ал Афганистандан келген коркунучтарга багытталат. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагына экинчи россиялык авиа базанын ачылышына каршы эместигин ТАСС  агенттигине берген интервьюсунда билдирген. Мамлекет башчы өз сөзүндө, Россиянын экинчи авиа базасын ачуу көптөн бери талкууланып келе жатат, бирок акыркы чечим азырынча кабыл алына элек деген.  

Афган коркунучунун сакталып турушу Борбор Азия мамлекеттеринен ага каршы чараларды күчөтүүнү талап кылууда. Канттагы авиа базанын аба коопсуздугун сактоодо орду чоң. Эгерде экинчи база ачыла турган болсо, ал республиканын түштүгүнө жайгаштырылышы маанилүү. Базаны терроризм, экстремизм жана баңги затын ташууга каршы күрөшүүгө багыттоо башкы максат экендигин  белгилеген өлкө  башчы. Жээнбеков база мындан сырткары, Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн деңгээлин жогорулатууга да көмөктөшөрүн кошумчалаган. 

Президенттин билдирүүсү бүгүнкү күндө эксперттердин колдоосуна ээ болууда. Алар афган коркунучу кийинки күндөрү күчөп барат. Терроризмге каршы күрөшүүдө чектеш өлкөлөр туруштук бере албашы мүмкүн деп, авиа база биргелешип чара көрүүгө көмөкчү  болорун белгилешти. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан  Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз