ММК

"Азия Ньюс": ТЭЦтеги коррупциянын башында Артыкбаев турганбы? image Фото: www

17 Май, 2018 1813

Басма сөзгө баяндама 

Кана, кайсыл көпөстүн аялы бай? деп кыргыздын бай деген адамдарынын сүрөтүн коюп  "Ачык сөз" гезити жарыкка чыкты.  Кийинки бетине гезитке чыкты эле пикирлер жазгандар 200дөн ашты деп гезиттин Байлар, элди карыздан куткарууга макулсуңарбы? деген темага карата айтылган  калктын пикирлерин басты. Окурмандын пикирине орун берилген. Кадамжай районунан жазган эмгек ардагери Абдрасил Мамажановдун макаласы “Ынтымагы бар элдин ырыскысы түгөнбөйт” деп аталды. Гезиттин баш макаласы Акылды пештеп иш кылганга не жетсин деген аталышта орун алган.

ТЭЦтеги коррупциянын башында Артыкбаев турганбы? деген тема менен Азия Ньюс жаңы санын тартуулады. Күрөө тамыр деген гезиттин бул темасы кийинки бетте “Артыкбаев чындап эле “апакайбы?” деген макалада  уланат. Темага улай ушул эле бетте ЖКтин депутаты Акылбек Жамангуловдун “Эмне үчүн чиновниктердин уурдаган акчасын карапайым эл тариф менен төлөшү керек? деген аталыштагы маеги орун алган. ТЭЦ темасына берген маектер арбын. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов “ТЭЦ боюнча келишим ким менен макулдашылганы белгисиз”, депутат Кожобек Рыспаев  “ТЭЦтин авариясына  чейин эле маселе көтөрсөм, Сапар Исаков мени тыйганга аракет жасаган”, деп беришкен. Энергетика темасында орун алган дагы бир көлөмдүү маек Расул Үмбөталиевден алынып ал “Датка- Кемин курулушу 600 млн долларга эмес, ашып кетсе 450 млн долларга бүтмөк” деген аталышта орун алды. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз