Саясат

М. Абылгазиев жумуш сапары менен Чүй облусуна барат image Фото: www

24 Май, 2018 4655

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Чүй облусуна барат. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө билим берүү жана спорттук объектилердин курулушун, ошондой эле «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип чыгат. 

Мындан тышкары Премьер-министр суу сактагычтардын абалы, балык жана дыйкан чарба ишмердиги менен таанышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз