Society

Апрель элдик революциясында курман болгондордун элесине арналган аллея курулууда image Фото: http://www.president.kg/

25 Март, 2016 1131

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Аламүдүн районунун Арашан айылында Апрель элдик революциясында курман болгондордун элесине арналып аллеяны куруу иши башталды. Чүй облустук администрациясы, мамлекеттик кызматкерлер ишембиликке чыгып, аллеяга 1000 көчөт отургузулду. Жол жээгине курулуп жаткан аллеяга жол чырактар коюулуп, олтургучтар жасалат.

Республика боюнча жарыяланган жашылдандыруу 3 айлыгынын алкагында Аламүдүн районунун Арашан айылында узундугу 1 чакырымга жеткен аллеяга 1000 көчөт отургузулду. Эми жол жээктеп кеткен аллеяга жол чырактар коюулуп, асфальт төшөлүп, олтургучтар орнотулат. Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, аллея Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен курулуп, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын элесине арналып курулуп жатат.

Район боюнча 17 айыл өкмөттө баардыгында бак тигүү иш-чаралары өтүп жатат. Аламүдүн районунун акими Самирдин Жумашев аллеяны гүлдөтүү үчүн сугаруу иштери уюштурулуп, аймак коргоого алынат дейт.

Эрте бүрдөп, өлүп калбай жашап кетүүсү үчүн бак-дарактарды эрте жазда олтургузуу керек жана майда тамырларынын кесилип калышынан абайлаш керек, дейт Райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Автандил Исаев. 

Жаз айында быйыл өлкө боюнча 2 млн ашуун бак-көчөттөрү отургузулмакчы. Ал эми Борбор калааны жашылдандырып-көрктөндүрүү үчүн жаратылышты коргоо фондунан 6 млн сом бөлүнгөн жана “Жашылдандыруу” ишканасы тарабынан шаардагы эс алуу парткарына жана гүл бактарына 427 ийне жалбырактуу дарактар олтургузулуп, көчөдөгү бак-дарактарды санитардык кыркуу иштери жүрүп жатат.Май айында клумбаларга 2 млн ашуун гүл тигилет.

С. Идирисов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз