Science and Education

Украинанын аскердик дарыгерлери магниттик хирургиялык аспап иштеп чыгышты image

25 Март, 2016 1161

Илимпоздор, ойлоп табуучулар адам жашоосун жеңилдетүүгө жаңы жабдыктарды жана ачылыштардын үстүндө иштешет. Алардын бул эмгектери күнүмдүк жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

Кыргызстандык  жаш дизайнерлер  сүт куюга атайын  өзгөчө идиш иштеп чыгышты. Molocow деп аталган сүт куйган таңгак айнектен жасалган. Анын тышкы жасалгасы жөнүндө айтсак  анын оозу учуучу тарелканын формасында жасалган. Сыртында учуучу тарелка уйду асманды көздөй уурдап бараткандай сүрөт тартылган. Учурда бул  дизайнерлик эмгекке чет өлкөлүк компаниялар кызыгууда. Анын үстүндө 4 жаш дизайнерлер адам эмгектенген.

Америкалык окумуштуулар иштеп чыккан программанын жардамы менен эми  адамдар жеген тамагынын калориясынын өлчөй алат.  Мындай программа өзгөчө ашыкча салмак менен күрөшкөндөргө жакшы жардамчы болмокчу. Анткени мунун жардамы менен  жеген тамагын өлчөмүн жана эмне менен тамактангандыгын  жазуунун зарылчылыгы жок болот. Анткени иштелип чыккан программа  адамдын үнүн таанып, тамактын калориясын санай алат. Ал үчүн адам эмне жеген тамагын программага үнү менен жаздырат, андан соң ичкен тамактын колориясын автоматтык түрдө эсептелип берилет. Бул мобилдик тиркеменин өзгөчөлүгү  тамактарды адам үнү менен таанылгандыгы, калорияны болушунча так эсептөө үчүн келечекте бул программаны дагы жакшыртууга аракеттер көрүлөт.

Украинанын аскердик дарыгерлери магниттик хирургиялык аспап иштеп чыгышты. Анын жардамы менен ок женен түрдүү жардыруучу заттын бөлүкчөлөрүн жеңил алууга болот.  Анткени ал медициналык аспаптардын курамында магнит бар.  Учурда 600гө жакын адам бул аспаптын жардамы менен операция кылынды. Бул өзгөчө аскер дарыгерлери үчүн пайдалуу болмокчу.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз