“Пейванд” ишканасы доломит ташын кайра иштетип, андан боек чыгарууда image

25 Март, 2016 460

Нарын областынын Кочкор районунда “Пейванд” ишканасы  ак түстөгү  доломит ташын кайра иштетип, андан ак түстөгү боек чыгарат. Аны каалаган түскө айландыруунун технологиясы ишке ашырылат. Учурда жергиликтүү ишканадан чыгарылган боекторго кардарлардын суроо-талабы күн санап өсүүдө.

Жогоруда учкай кеп болгон “Пейванд” ишканасы чыгарган курулуш боектору Бишкек шаарындагы атайын дүкөндө сатылат.  Жылдын кайсыл мезгили болбосун дүкөнгө келген кардарлардын катары суюлбайт. Алардын бири Айжан Ысмаилова мындай дейт.

 -“Пейванд” ишканасынын чыгарган продукциясы бизге абдан жагат. Ал экологиялык жактан таза. Ошону менен бирге баасы да төмөн.

Соода түйүндөрүнүн сатуучусу  Махабат Ташиеванын айтымында жергиликтүү ишкерлер тарабынан чыгарылган продукцияга болгон талап көп. Анткени, келген кардарлар сырттан келген боекторго караганда биздикин тандашат. Анткени, биздин боект ордун баалары кыйла арзан экенин эске салды.

-Биздин товарлар мыкты деп толугу менен айта алам. Ал толугу менен конкуренцияга туруштук бере алат.

 “Пейванд” ишканасынын ээси  Гүлзар Абдыраимованын адистиги педагог. Кезегинде жаш муундарга билим берген. Бирок, рынок шартында ишкерлик  жүргүзүүнү артык көрүп, адеп шыбак үчүн керектелүүчү аралашмаларды жасап сатыкка чыгарды. Ишкердиги өрүш алып  боек чыгарууга ык алганын ырастады.

- Мен педагогикада өзүмдү сынап көрдүм. Жаман деле иштеген эмесмин. Бирок ишмердикке тартып туруп алды. Демек менин табитим ушул экенин сездим. 

Жогорку сапаттагы боек чыгаруу үчүн жергиликтүү таш менен суу пайдаланат. Калган керектелген сырье чет өлкөдөн сатып алынат. Албетте,  кардарлардын катарын арбыткан боек чыгаруунун да өзүнчө сыры бар. Муну ишкананын  технологу Эмил Зайнабидинов мындайча түшүндүрду:

- Өзүбүздүн суу менен таш кеңири колдонулат. Бизде таш ундай кылып майдаланат. Ошондон кийин гана аны керектүү компонеттер менен дагы эритүү керек.

Мезгилдин агымына жараша “Пейванд” боек чыгаруучу ишкананын продукциялары республиканын  рыногуна толук тарады. Кыргызстандын  ЕвроАзиялык экономикалык биримдигине киргендигине байланыштуу соода сатык аймагы кыйла кеңейтилди. Учурда товарды арбын экспорттоо  боюнча аракеттер көрүлүүдө.

К.Калилов, Биринчи радио   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз