Коргонуу жана коопсуздук

Күндүн темасы: 29-майда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү белгиленет image Фото: www.ktrk.kg

29 Май, 2018 5473

Өз алдынча мамлекет катары өлкө өзүнүн күчтүү армиясына ээ болууга милдеттүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөлүк аскер кубаттуулугу боюнча рейтингде мурдагы жылдарга караганда 17 позицияга жогорулады.

  Глобалдык коркунучтарда мындай рейтинг менен кыргыз аскери канчалык туруштук бере алат?

 

Бүгүнкү күндө кыргыз армиясынын саны маанилүүбү же сапатыбы? Мына ушул өңүттө "Күндүн темасы" программасы сөз болду. Жаңы коркунучтардагы, чакырыктарга Кыргыз аскеринин дарамети канчалык? Дегеле Кыргызстан үчүн кандай коркунучтар бар? Биздин армиянын даярдыгы кандай?

 

Уктурууга КРнын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кедеев Нурсейит Бектемирович, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабдын мурдагы жетекчиси Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич катышты.



Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз