Кырсык

Ош шаарынын борбордук базарында өрт чыкты image Фото: www

29 Май, 2018 4151

Бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Маалым болгондой, тилсиз жоо саат 07:50 чамасында контейнердин биринен чыгып, башка контейнерлерге тараган.

Анын кесепетинен 4 контейнер ичиндеги товарлары менен кошо күйүп кетти. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык электр чубалгыларынын туура эмес туташканынан чыккан.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз