Өзгөчө кырдаал

Караколдо ылдамдыгы секундасына 12 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды image Фото: www

29 Май, 2018 1946

Караколдо 28-майда ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал болуп, бир топ социалдык объектилер жана турак үйлөр жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Катуу шамалдан бир бала бакчанын кампасынын, 2 көп кабаттуу үйдүн, №1 орто мектептин чатыры жабыркаган. Мындан сырткары дагы бир катар социалдык объектинин жана 1 дүкөндүн чатыры учуп кеткен. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз