Балдар

Бүгүн эл аралык балдарды коргоо күнү image Фото: www

1 Июнь, 2018 1667

1-июнь - жайдын алгачкы күнү жана окуучулардын жайкы каникулунун башталышы. Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалат. 


Кыргызстандыктар дагы жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. 


Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ар кандай оюн-зооктор, көргөзмөлөр, мастер-класстар уюштурулат. Балдарга белектер жана таттуулар тартууланат. 


1-июнда балдардын жашоосун жакшыртууга багытталган кайрымдуулук акциялары дагы уюштурулат. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз