ММК

"Кыргыз Туусу": Коррупция коомдун илдети, күч органдарынын күчү бирикти image Фото: www

1 Июнь, 2018 1456

Басма сөзгө баяндама

Коррупция коомдун илдети, күч органдарынын күчү бирикти деген расмий гезит "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Президенттин иш күндөлүгүнөн орун алган бул макала Биргелешип иштөөнү чечишти. Эми коррупция коколонобу деп аталды. Кийинки макала өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Куралдуу Күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырган окуядан даярдалып, “Мамлекет башчысынан –майрамдык белек” деп  орун алды. Ошондой эле "Кыргыз Туусунун" бул саны Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин  маалымат жыйынында айткандарын  “Коррупцияга катыштыгы бар ар бир мамлекеттик кызматкер жоопко тартылат” деген аталышта басты. Андан аркы бетинде өлкө башчысына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл- Үңкүр токой чарбасында жашаган 625 жарандынатынан жазылган “Жаңгак токойлорунун пайдасын коррупционер көрүп жатат” деп аталган кайрылуу орун алды.

Эми кийинки гезитке өтөлү. “Бош жүргөнгө убакыт жок” деп аталган экс-депутат Талантбек Узакбаевдин маегин тема кылып, бүгүн "Де-факто" жарык көрдү. Маекти толугу менен гезиттин кийинки беттеринен “Президент мырза айыл-чарбанын дасыккан адиси. Демек, айыл-чарбаны жогорку деңгээлге чыгараарына ишенем”- деген аталышта таанышасыз. Жаңы сандан өнөр адамын сыйлаганды качан үйрөнөбүз же Эл артисти Саламат Садыкованы таарынтканы туурасында жазылганды Калмурзаев деген “караңгы” губернатор Эл артистине “эдиреңдеп” деген аталыштан окуйсуз. Кез ушул  “от болдум, мен “шок” болдум!” же Сапар Исаков кылмыш ишиндеги фигурант болгон алгачкы премьер-министр болуп калды деген саптарды камтыган макала да ушул санда орун алды. Бул санга Улуттук госпиталдын башкы офтальмологу Салтанат Иманбаева “Кесиптештер өз былыктарын жашыруу максатындамага каршы чыгышууда” деген аталышта маек берген. Ушул эле жерден маектин авторунун же Салтанат Иманбаеванын баскан жолу, эмгек  ишмердүүлугү туурасында кенен маалымат аласыз. 

Эми "Фабула" менен баяныбызды жыйынтыктайлы. Жөргөмүш ыйлаганда деген "Фабула" “Ибраимов менен Исаковго кылмыш иши козголду” деген аталышта жаңы санын чыгарды. Майда макалалары менен жык толгон биринчи бетинен Аскар Шадиев Америкада үй камагына чыкты, Бабанов менен Мырзахматов жазадан кутулбайт, Муратбеков иштен кетти, Экс-министр Арзыбек Кожошев УКМКга сурак берди, кол тийбестик маселесин элчечкени туура, Базаркулов элден башкачабы? Ташиевдин иниси Жалал- Абадга мэр болобу? “орус-кыргыз өнүктүрүү фондун” текшерүү керек, эркектердин жоопкерсиздиги жалпы улуттук мүшкүлгө айланды деген аталышта окуй аласыз. Иш аягына чыкпай эле... деген "Фабула" коррупция темасын козгоду. Коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатабы? деген суроону тема кылып, ага айрым жарандардын жоопторун жарыялады. Бул санга “Мен ким канча акча алгандарын билем” деп ЖКтин депутаты Зарылбек Рысалиев маек берген. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз